16:00, 21 ноября 2018, 24.kg

Бишкек мэриясы шаар тургундарын унаадан велосипедке олтургузмакчы

Бишкек мэриясы 2019-жылы 9 чакырымдык веложолдорду курууну ниеттенип жатат. Бул тууралуу тегерек столдун жүрүшүндө шаардык муниципалитеттин унаа бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Жунусов билдирди.

Айтымында, мындай жол менен мэрия шаардыктардын бир бөлүгүн велосипед менен жүрүүгө багыттайт. 2020-жылдын планында дагы 9 чакырымдык веложол куруу каралган.

Мындан тышкары Бишкек мэриясы май куюучу станцияларга төмөнкү класстагы бензинди сатууга тыюу салат.

«Азыркы учурда 2 компания гана «Евро-5» классындагы бензинди сатат. Калгандары «Евро-3» классындагы бензинди сатышууда. Жогорку класстагы күйүүчу май сатыла баштаганда гана атмосферада зыяндуу заттар азаят», -деди Кубанычбек Жунусов.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18