Катар мамлекети Доха-Ош-Бишкек аба каттамын ачууга кызыкдар
Жогорку Кеӊеште «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы аба каттамдары жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Андан тышкары, депутаттар ушу тапта өлкөнүн жарандык авиациясынын абалы өтө начар экенин белгилөө менен бирге, Өкмөт өкүлдөрүнүн көӊүлүн Кыргызстанды ИКАОнун «кара тизмесинен» чыгаруу, ички аба каттамдарынын тарифин төмөндөтүү сындуу бир катар көйгөйлүү маселелерге бурду. Алардын пикиринде, баарындан мурда ички аба каттамдарды жандандырууга өзгөчө көӊүл бөлүп, аймактардагы аэробекеттерди реконструкциялоо зарыл.