Чемпиондук курларын үйгө катпай белекке бергенди жактырган спортчу тууралуу
Кулатуу эр таймаш боюнча дүйнө чемпиону, грэпплинг боюнча дүйнөнүн жана Кыргызстандын көп жолку чемпиону Бусурманкул Абдибаит уулу Орусияда өткөн кесипкөйлөр арасында таймаштын аралаш түрү боюнча эл аралык мелдеште жеңүүчү аталды. Кыргызстандын желегин желбиреткен спортчуну мекендештери аба майдандан кучак жайып тосуп алышты. Каарманыбыз жеңиши тууралуу 24.kg агенттигине айтып берди.
— Жеңишиңиз кут болсун! Жеңишке жетүү оңойго турбаса керек?
— M-1 Challenge 99 — Battle of Narts эл аралык мелдешке 7 өлкөдөн келген мыкты кесипкөй спортчу катышты. Бул иш-чара тууралуу 2 ай мурун уккам. Ошондон бери талыкпай даярдыктардан өттүм. Баардыгы ойдогудай болду. Орусиялык атаандашым Залимбег Омаров менен 5 мүнөттөн 3 раунд өткөрдүк. Жыйынтыгы жакшы.
-Сиздин салмак чениңизде атаандаштар көп эле болсо керек?
-Туура, мен өзүм
— Канча жашыңыздан бери спорт менен машыгасыз?
— Жакында эле Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегор экөөнүн ортосунда беттеш болду. Спортчу катары кимисине жан тарттыңыз?
— Албетте мусулман болгондон кийин Хабибге жан тартабыз.
-Канча жолу беттешке чыгып, жеңишке жеттиңиз? Жеңилүү ызасын тарттыңыз беле?
— Мен ушул кезге чейин 14 жолу профессионалдуу беттешке чыктым, анын 11инде жеңишке жеттим. 2 жолу утулуп, бир жолкусунда атаандашым экөөбүз тең чыгып калганбыз. Ал эми медалдардын санын эсептеп көрбөптүрмүн.
— Жеңиш менен кайтканыңызда мекендештериңиз кандай тосуп алышты?
— Мекендештер дайыма татыктуу тосуп алышат. Бул жолу да ошондой болду, аларга абдан ыраазымын. Жакшы сөздөрүн, тилектерин айтып тосуп алышты.
— Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз?
— 1093-жылы Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунда туулгам. Өзүм 8 бир тууганмын, келинчегим бар. Үй-бүлөмдө мага чейин спорт менен машыккандар болгон эмес, мен алгачкысымын. Спорт- бул жашоомду бир бөлүгү. Күн сайын чуркап, ар кандай машыгууларды жасап турам.