09:25, 21 ноября 2018, 24.kg

«Делбирим» тасмасынын бет ачары 5-декабрда болот

Чыңгыз Айтматовдун «Делбирим» повестинин негизинде, кыргыз-өзбек киночулары биргелешип тарткан «Делбирим» тасмасынын бет ачары, Бишкекте 5-декабрда болот. Бул тууралуу кинотасманын Кыргызстандагы продюсери Паризат Жакыпбекова билдирди. 

Photo 95207

Айтымында, тасманын Өзбекстандагы бет ачары 16-ноябрь күнү болду.

"Ташкенттеги премьерага Өзбекстандын интеллигенция өкүлдөрү жана бир топ кино жаратмандары келишти. Кино үч-төрт залда коюлуп, жалпысынан 4500 адам катышты. Ал эми биз кыргызстандыктарга Айтматовдун туулган күнүн утурлай көрсөтүүнү чечтик", — деди Паризат Жакыпбекова.

Тасманын узактыгы 1 саат 40 мүнөт. Анын негизги бөлүгү Өзбекстандын Ташкент жана Наманган шаарларында, акыркы эпизоддорду Кыргызстандын Балыкчы шаарында тартылган.

Ильястын ролун белгилүү өзбек актёру Адиз Ражапов ойносо, Байтемирди Улугбек Кадыров ойноду. Ал эми Аселдин образын кыргыз актрисасы Мадина Талипбек жаратса, Кадичаны Элина Абай кызы аткарды. Кошумчалай кетсек, аталган чыгарманын негизинде Түркиялык режиссер Атиф Йылмаз 1978-жылы тасма тарткан. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18