17:56, 20 ноября 2018, 24.kg

Тартип комиссиясы тарабынан 5 судья ээлеген кызматынан бошотулду

Сот системасын реформалоонун негизги милдеттеринин бири — судьялыкка талапкерлерди тандоонун сапатын арттыруу менен судьяларга карата ишенимди жогорулатуу. Бул тууралуу сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Санжар Исабаев, президент Сооронбай Жээнбековдун бир жылдык ишинин жыйынтыктары жөнүндө айтып жатып билдирди.

Санжар Исабаевдин айтымында, жыл бою судьяларды тандоо боюнча Кеңеши тарабынан Президенттин наамына Жогорку сотунун, анын Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттордун судьясы кызматына дайындоо үчүн 89 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн. Маектешүүнүн жана берилген кошумча материалдарды карап чыгуунун натыйжасында Президент 51 талапкер боюнча Кыргыз Республикасынын судьясы кызматына дайындоого макулдук берди.

«2010-жылы башталган өлкөдөгү соттук-укуктук реформа улантылууда», — деп белгиледи Санжар Исабаев.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18