15:40, 20 ноября 2018, 24.kg

КСДПнын айрым депутаттары экс-президент Алмазбек Атамбаевди колдоого даяр эмес

КСДП фракциясынын басымдуу мүчөлөрү экс-президент Алмазбек Атамбаевди колдоого даяр эмес. Алар партиянын катарын бөлүндү деп таанышты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине депутат Абдывахап Нурбаев билдирди.

Анын айтымында, мында жаман эч нерсе деле жок. Партия өзүнүн өнүгүшүндө тарыхый окуяны баштан кечирүүдө.

«КСДПда бөлүнүү айдан ачык болуп калды. Азыркы тапта аймактарда «КСДПсыз Атамбаев» аттуу лозунг менен жыйындар өтүп жатат. Аны Чүй облусунун мурунку башчысы Сагынбек Абдрахманов уюштурууда. Фракцияда дагы мурунку президентти колдогондор аз. Балким 5-6 киши гана аны колдойт», -деди Абдывахап Нурбаев.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18