15:21, 20 ноября 2018, 24.kg

Айт намаз учурунда Ала-Тоо аянтына кастет алып келген жаран шарттуу соттолду

Айт намаз учурунда Ала-Тоо аянтына кастет алып келген 19 жаштагы жигит бир жылга шарттуу түрдө кесилди. Бул тууралуу Жогорку соттун сайтында жазылды.

Бишкекте 15-июнда Тыныстанов жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде саат 6:20лар чамаларында Н.Ч. аттуу жарандын сумкасынан кастет табылган. Жүргүзүлгөн экспертиза кастет колго жасалган жана ошондой эле ал муздак куралдар категориясына кирет деп жыйынтык чыгарган.

Соттолуучу өз күнөөсүн жарым жартылай мойнуна алып, ал кастетти өзүнүн таанышынан алганын айтты.

Жаран бир жылга шарттуу түрдө соттолду.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18