10:58, 20 ноября 2018, 24.kg

Борбордун көчөлөрүнүн атын алмаштыруу. Депутаттар аталган маселени карап чыгат

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Рыспай Аматов Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында борбор калаадагы көчөлөрдүн бирине Чыңгыз Айтматовдун ысымын берүү керектиги тууралуу демилгени эскертти. Ошондой эле, анын пикиринде Биринчи Май районуна жазуучунун ысымы ыйгарылышы керек.

«Республика — Ата Журт» фракциясынын депутаты Бактыбек Абдиев билдиргендей, жайында эле фракция Турдакун Усубалиевдин юбилейине байланыштуу шаардын көчөлөрүнүн бирине анын ысымын берүүнү көтөрүп чыккан.

«Кыргызстан» фракциясынын депутаты Кубанычбек Конгантиев көчөлөрдүн атын өзгөртүүгө мораторий киргизилгендигин эскертти.

БШКнын төрагасы Жаныбек Абировдун айтымында, азыр көчөлөрдүн атын өзгөртүү тууралуу кеп болгон жок. Болгону аталган маселе талкууга алынмакчы.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18