13:48, 19 ноября 2018, 24.kg

Ноокат районунда 2 унаа кагышып, айдоочу мерт кетти

Ош облусуна караштуу Ноокат районунда 2 унаа кагышып, кесепетинен 48 жаштагы айдоочу каза болду. Бул тууралуу Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1 киши ооруканага жеткирилди.

Окуя 18-ноябрда Кызыл-Булак айылында болгон. Райондун 1968-жылы туулган тургуну Р.С. «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автоунаасы менен бара жатып, каршы багыттагы «ДЭУ Тико» үлгүсүндөгү унаа менен кагылышкан.

Окуянын кесепетинен «ДЭУ Тико» үлгүсүндөгү автоунаасынын айдоочусу оор жаракат алып, Кызыл-Кыя шаарынын ооруканасына жетпей каза болду. Экинчи унаанын айдоочусу денесинен жаракат алып, Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына жеткирилген.



Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18