10:46, 19 ноября 2018, 24.kg

1 жума ичинде мас абалында унаа башкарып жүргөн 234 айдоочу кармалды

Өлкө аймагында 1 жума ичинде мас абалында унаа башкарып жүргөн 234 айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ар кандай эрежелерди бузган 894 айдоочунун унаасы айып төлөөчү жайга токтотулду. 1 жума аралыгында өлкө аймагы боюнча жалпы 16 миң 611 жол эрежелерин бузуу фактысы катталган.

Билдирүүгө ылайык, 1 миң 377 айдоочу унаасын атайын белгиленген ченемден катуу айдаганы үчүн токтотулган. Унаа башкарып баратып уюлдук телефон менен сүйлөшкөн 3 миң 164 айдоочуга айып пул салынган.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18