09:17, 19 ноября 2018, 24.kg

Баткен облусунун прокурорунун өлүмүнө шектүү киши кармалды

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө  шектүү киши кармалды. Ал Баткендин мэриясында иштеген кызматкер болуп чыкты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, алгач шектүүнү кармашкан, кийин гана прокурор киши колдуу болуп өлтүрүлгөндүгү маалым болгон.

Мэриянын кызматкери «Lexus» унаасын күрөөгө алып, прокурор менен жолукканын көргөн күбөлөр болгон. Бир нече убакыт өткөндөн кийин анын мас абалында жалгыз жүргөнүн көргөн прокуратуранын кызматкерлери Анарбай Мамажакыповдун кайда экенин сурашкан. Шектүү билбей тургандыгын айткан. Кийин тартип сакчылары унаадан кандын издерин табышкан.

«Шектүү тоого суу сактагычтын аймагына баргандыгы аныкталды. Дал ошол жакка барчу жолдон прокурордун сөөгү табылды, анын денесинде октон жана бычактан алган ар кандай жаракаттар аныкталды», — деп билдиришти министрликтен.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18