16:48, 16 ноября 2018, 24.kg

Белгиленбеген жерге таштанды ыргыткан тургундарга 333 миң 800 сом айып салынды

Бишкек мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясы белгиленбеген жерге таштанды ыргыткандыгы үчүн шаар тургундарына 333 миң 800 сом айып салды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, комиссия тарабынан 321 миң 500 сомдук айып пул төлөтүү каралып, административдик тартип бузуулар аныкталбагандыктан, 5 протокол боюнча иш токтотулган.

Бүгүнкү күнү администртативдик тартип бузуулар боюнча 167 протокол каралууда.

Ошондой эле комиссиянын отурумунда 7 протокол каралган. Шаарды көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы жана таштандыны ыргыткандыгы үчүн жеке бала бакчанын директору Ж. А.К. аттуу жаранга жана ичүүчү суу менен бакчасын суугаргандыгы үчүн Н. Г. аттуу жаранга айып салынган. Свердлов району боюнча жалпы 12 300 сомго айып жазылган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18