15:21, 16 ноября 2018, 24.kg

Атамбаев президенттик шайлоодогу каржылоо тууралуу интервью берет

КСДПнын билдирүүсүндө Алмазбек Атамбаев «Апрель» телеканалынын суроолоруна жооп берери жана анын жүрүшүндө жарыяланган документ тууралуу да сөз болору айтылган. Маалыматка ылайык маек дүйшөмбү, 19-ноябрь күнү обого чыгат.

Буга чейин укук коргоочу Нурбек Токтакунов «президент Сооронбай Жээнбековдун борбордук штабы 2017-жылы президенттик шайлоого жумшаган» деген каражаттарынын тизмесин «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялаган. Адвокат бул маалыматты былтыр президенттикке талапкердин штабында иштеген «Жээнбековдон да, Атамбаевден да көңүлү калган» ишенимдүү адам бергенин айтып чыккан.

Партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева тараткан билдирүүдө Ниязовдун комментарийи келтирилген:

«Мен штабды башкарып, анын ишин уюштуруп жүргөм. Бирок шайлоо өнөктүгүн каржылоо менин милдетиме кирчү эмес. Президенттикке талапкер ал маселелерди штабдагы башка эки жооптуу адам менен талкуулачу. Биз ал материалдарды кылдат изилдеп жатабыз. Документтеги ысымдар жана иш-чаралар реалдуу экенин мойнума алам. Даталар да туура көрсөтүлгөн. Анын ичинде мен тууралуу да. Башка даталар жана сандар тууралуу документте аты аталгандардан сурап, тактаса болот. Мен башкарган штаб шайлоо мыйзамдарынын алкагында иш алып барган. Менин бир да кызматкерим мыйзам бузамак эмес. Анын үстүнө мунун баарына биздин юристтер, БШК жана башка талапкерлердин штабдары көз салып турган».

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18