15:46, 15 ноября 2018, 24.kg

Ош-Бишкек жолунда газ ташуучу унаа жарылып кетти

Ош—Бишкек жолунун 260-чакырымында оор жүк ташуучу «Рено» үлгүсүндөгү газ ташуучу унаа жарылып кетти. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя Чычкан капчыгайында болгон. Анда унаанын дөңгөлөгү жарылып оң тарапка кулап калган. Натыйжада газ жарылган. Ал эми айдоочу унаадан секирип кеткенге үлгүргөн.

«Жүк ташуучу унаада айдоочу жалгыз бара жаткан. Тартип сакчылары өрт өчүрүүчүлөргө дароо кабар беришип, өрт убагында өчүрүлдү. Жол каттам үзгүлтүккө учураган жок», — деп билдиришти ОИИБдан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18