13:49, 15 ноября 2018, 24.kg

Тажикстандык дарыгерлер кыргыз депутатынын өмүрү үчүн күрөшүүдө

Баткендин Лейлек районунун Жаңы-Жер айылдык кеңешинин белгисиз адамдар атып кеткен төрагасы Кубанычбек Баянов өзүнө келе элек. Дарыгерлер шаршемби күнү экинчи жолу операция жасашты. Баянов Тажикстанга караштуу Гафуров шаарындагы ооруканада жатат.

Анын агасы Гайратбек Баяновдун айтымында, кылмышкерди кармоого мүмкүн боло элек. «Окуя болгон жерде болгон эмесмин. Алар иним дарбазаны жаап жаткан маалда, аркасынан ок атышкан. Аткандарды көргөн бир дагы күбө жок болуп жатат», -деди ал.

Бободжон Гафуров районунун борбордук ооруканасынын дарыгери Жамшед Мирбегиевдин айтымында, бейтаптын абалы оор, атайын дем алдыруу аппаратында жатат.

«Эки жолу операция болду. Анын өмүрүн сактап калуу үчүн колдон келишинче аракет жасап жатабыз. Кечээ Хоженттен адистерди чакырдык, консилиум өткөрдүк. Кубанычбек аман калат деп үмүттөнөбүз», -деди ал.

Факт боюнча Лейлек райондук ички иштер бөлүмү кылмыш ишин козгоп, тергөө башталган эле. Милиция иликтөө иштери уланып жатканын кабарлоодо.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18