12:30, 15 ноября 2018, 24.kg

Исламды жамынып алып, кыргыз элине өзүнүн салттарын киргизүүнү көздөгөндөр бар

Ислам динин жамынып алып, кыргыз элине өзүнүн салттарын, маданиятын киргизүүнү көздөп жаткандар да бар. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-ноябрда «Ислам азыркы светтик мамлекетте» II эл аралык конференциясында айтты.

Бүгүнкү конференцияга дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн келген мамлекеттик органдардын, диний жана өкмөттүк эмес уюмдардын жетекчилери, белгилүү эксперттер жана окумуштуулар катышууда.

«Кээ бир өлкөлөр «мамлекет дин иштерине кийлигишпейт» деген позицияны карманышат. Айрым мамлекеттер кандайдыр бир динге расмий же мамлекеттик деген статус беришкен. 25тен ашуун өлкөдө ислам дини мамлекеттик статуска ээ. Традициялуу диндер деген түшүнүктү өз конституцияларында белгилеген мамлекеттер аз эмес. Биз дагы жалпы коомчулуктун талкуусу менен жактырылган Өнүгүү стратегиясын ишке ашырууга ылайыктуу болгон диний саясатты ишке ашыруубуз зарыл», -деди президент.

Мамлекет башчы Кыргыз Республикасы эгемендикке ээ болгондон кийинки мезгилде кандай өзгөрүүлөр болгонун санап өттү.

«Өлкөбүздө диний чөйрөгө толук эркиндик берилип, көп конфессиялуу мейкиндик калыптанды. Конфессиялар жана диний уюмдар эркин өнүгүү багытына түштү. Мамлекет конфессионалдык мамилелерге киришкен жок. Кыргызстан көп улуттуу жана көп диндүү өлкө катары калыптанды», -деди ал.

Айтымында, азыркы Кыргызстан — дин мамлекеттик бийликке аралашпаган заманбап мамлекет. Мамлекет конфессиялык жактан нейтралдуу позицияны ээлейт, эч бир динге артыкчылык бербейт жана эч кандай диний идеологияны жарандарга таңуулабайт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18