11:53, 15 ноября 2018, 24.kg

Министр: «Балага сүйүнчү» акчалай төлөмдөрдү берүү 3 күндө жүргүзүлүшү керек

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров Калкты тейлөө борборунда «балага сүйүнчү» бир жолку акчалай төлөмдү алуу үчүн жарандардан арыздарды кабыл алуунун жол жобосу менен жеринен таанышып чыкты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаев анкеталар толтурулуп, андан соң маалымат тез арада Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин базасына түшкөндүгүн тастыктап берди.

Министр Улукбек Кочкоров мындан аркы процесстин жүрүшү боюнча Октябрь райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынан толук маалымат алды. «Учурда министрлик «балага сүйүнчү» акчалай төлөмдөрдү эки жуманын ичинде жүргүзүп жатат. Биз бул аралыкты эки, үч күнгө чейин кыскартышыбыз керек», — деди ал.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18