11:21, 15 ноября 2018, 24.kg

№ 8 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгерин үй камагына чыгарышты

Бишкекте № 8 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгерин үй камагына чыгарышты. Ал жаш кыздын өлүмүнө шектелип жаткан. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалыматка караганда, чечимди Свердлов райондук соту чыгарды.

Эске салсак, октябрда дарыгердин кабылдамасында өспүрүм кыз каза болгон. Алдын ала алынган маалыматка караганда, дарыгердин туура эмес аракетинен кыз анафилактикалык шоктон каза болгон.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18