10:48, 15 ноября 2018, 24.kg

Москвада балдар үйүндө энеси баш тарткан 5 айлык кыргызстандык ымыркай багылууда

Акыйкатчы Токон Мамытов Москвада өткөн Евразия акыйкатчы альянсынын отурумуна катышты. Ал Орусиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу төрагасы Татьяна Москалькованын катышуусунда уюштурулду. Бул тууралуу Акыйкатчынын аппаратынан билдиришти.

Маалым болгондой, ушул жылдын күз айына чейин Орусиядагы Алтуфьев балдар борборунда ата-эне камкордугунан ажыраган 4 бала тарбияланган. Алардын үчөөнү Кыргызстанда жашаган туугандары алып кетишти. Аталган борбордо азыркыга чейин 5 жашар кыз кармалууда. Анын энеси тергөө абагында, ал эми атасы жок. Токон Мамытов Кыргызстандын Орусиядагы миграция кызматынын өкүлчүлүгүнө кыздын мындан аркы жашоосун текшерип, аны өз мекенине алып келүүнү карап чыгууну өтүндү.

Ал эми «Борбордук» балдар борборунда азыркы күнгө чейин 5 айлык кыргыз бала багылууда. Маалыматка караганда, энеси андан баш тарткан. Акыйкатчы ал баланын тагдырын дагы көзөмөлгө алууну тиешелүү органдардан суранды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18