10:29, 15 ноября 2018, 24.kg

Чүйдө милиция мас аялдын ымыркайын алып кетти

Чүй облусуна караштуу Жайыл райондук РИИБнын өспүрүмдөр менен иш алып барган инспекторлору оор абалда калган жана жашоосу кыйын үй-бүлөлөрдү аныктоо үчүн рейд өткөрүштү. Бул тууралуу Чүй ОИИББдан билдиришти.

Милиция аз камсыз болгон 6 үй-бүлөнү зыярат кылды. Анда балдардын ата-энелерине жоопкерчилик тууралуу маалымат беришти.

«Кара-Балтада 5 айлык баласы менен батирде жашаган аял ичимдик ичип, жаман адаттарды колдонуп келген. Ал эч жерде иштебей, баласына тарбия берген эмес. Тартип сакчылары барган кезде ал мас абалда болгон. Алар ымыркайды энесинен тартып алышып, Жайыл райондук аймактык ооруканага жеткиришти», -деп билдирди ОИИББдан.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18