09:46, 15 ноября 2018, 24.kg

Бишкекте жаш кыз Чоң Чүй каналына секирип кетти. Милиция аны сактап калды

Бишкекте жаш кыз Чоң Чүй каналына секирип кетти. Аны шаардык № 5 милиция бөлүмүнүн аймактык тескөөчүлөрү сактап калышты. Бул тууралуу ШИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя кечээ катталган. 102 номуруна Жаш Гвардия проспектисинде жайгашкан көпүрөдөн жаш кыз секирүүгө аракет кылууда деген маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ага лейтенант Шайырбек Усупбаев жана кичүү лейтенант Азамат Урманбетов барган. Алар жеткенде кыз сууга секирип кеткен, бактыга жараша аны сактап калышты.

Жабырлануучуга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлдү. Анын мындай кадамга эмне үчүн барганы аныктала элек.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18