17:15, 14 ноября 2018, 24.kg

«АгроТехЭкспо-2018». Бишкекке 20 өлкөнүн компанияларынын өкүлдөрү келишти

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «АгроТехЭкспо-2018» айыл чарба техникаларынын көргөзмөсүнүн ачылышына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

«Бүгүнкү күндө өкмөт тарабынан кабыл алынган чечимдердин негизинде айыл чарба техникаларынын лизингин өнүктүрүү үчүн 800 миллион сомдон ашык акча каражаты «Айыл Банк» Ачык акционердик коомуна лизинг фондун түзүүгө берилди. Ошондой эле ЕврАзия өнүктүрүү банкынан 20 миллион доллар инвестициялык насыя тартылып, бүгүнкү күнү 14,6 миллион доллары өздөштүрүлдү», -деди биринчи вице-премьер-министр.

Кубатбек Боронов кошумчалагандай, өлкө аймагында 2020-жылга чейин Машина-трактордук станцияларды түзүү боюнча план иштелип чыккан. Бүгүнкү күнгө карата республика боюнча 71 МТС иштеп жатат, анын 15и 2018-жылы түзүлгөн.

Белгилесек, «АгроТехЭкспо-2018» айыл чарба техникасы көргөзмөсүндө 20 өлкөнүн 30 компаниясынан келген өкүлдөр, ошондой эле республиканын булуң-бурчунан келген фермерлер жана дыйкандар катышууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18