14:17, 14 ноября 2018, 24.kg

«Кумтөр Голд Компани» 9 айда 9532,2 килограмм алтын өндүрдү

«Центерра» жана «Кумтөр Голд Компани» 2018-жылдын үчүнчү чейректеги өндүрүшүн жыйынтыктады. бул тууралуу Кумтөр ишканасынан маалымдашты.

Маалыматка караганда, КГК 2018-жылдын алгачкы тогуз айында 306467 унция же 9532,2 килограмм алтын өндүрүп, 5,66 миллиард сомдон ашуун салыктар жана милдеттүү төлөмдөрдү которгон.

Алтын өндүрүү жана сатып өткөрүү

Ушул 3-чейректе 119521 унция же 3,72 тонна алтын сатып өткөрүлгөн. Анда жалпы киреше 142,8 миллион долларды түздү.

Геологиялык чалгындоо иштери

Кумтөрдүн кен талаасын бойлото мүмкүн болгон рудалык минералдашуу зонасынын уландысын издөөгө жалпы көлөмү 60 чакырым чалгындоочу бургулоонун эки жылдык программасын иштеп чыгып аткара баштады. Негизги бургулоо иштери карьердин борбордук, түштүк-батыш жана Сарытөр аймактарында жана түндүк-чыгыш тилкесинде жүрмөкчү. Программага 18 миллион доллар, анын 6,5 миллиону ушул жылы, 11,5 миллион доллары 2019-жылы жумшалат.

2018-жылы бургулоо кыртышка жакын бөлүктөрдү, анын ичинде борбордук карьердин түндүк-батышындагы «хоккей клюшкасы» деп аталган зонада жүрөт. Андан сырткары борбордук жана түштүк-батыш карьерлердин ортосунда бургулоо жүрөт. Жалпы 8318 метр көлөмдөгү 30 скважина бургуланган. Анда борбордук, түштүк-батыш жана түндүк-чыгыш карьерлеринде аткарылган. Бургуланган скважиналардын көбү (4507 метр жалпы узундуктагы 17 скважина) карьердин борбордук участогунун «хоккей клюшкасы» зонасында. Түштүк-батыш карьерде жалпы узундугу 2297,7 метр 7, түндүк-чыгыш аймагында жалпы узундугу 1512,4 метр алты скважина бургуланган.

Скважиналардын жайгашуу орду жана тиешелүү графика төмөнкү шилтеме боюнча берилген:

http://resource.globenewswire.com/Resource/Download/9a34de56-af74-465c-8617-99019cd8a4a7.

Бургулоонун, бургулоо скважиналарынын натыйжаларынын тизмеси жана Кумтөр кен ишканасынын план-картасы Маалыматты электрондук издөө жана анализдөө системинде (SEDAR): www.sedar.com жайгаштырылган жана компаниянын веб-сайтында жеткиликтүү: www.centerragold.com.

КР казынасына төлөмдөр жана башка милдеттүү которуулар

2018-жылдын үчүнчү чейрегинде Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар, Социалдык фондуна которуулар жана милдеттүү төлөмдөр 1,5 миллиард сомдон ашты.

Центерранын президенти жана башкы кызмат адамы Скотт Перри мындай деп белгиледи: «Бардык өндүрүштүк бөлүктөр чейректи травматизмге учурабай аякташты, жана биз максатыбызга: иштеги травматизмдин нөлдүк деңгээлине умтулуу менен Work Safe — Home Safe коопсуздук программабыздын экинчи фазасын улантуудабыз».

«Үчүнчү чейректеги кирешелерибизди ачыктоодон кийин компания Кумтөр кен ишканасындагы алтын өндүрүүнүн жылдык планын 490-510 миң унцияга чейин, жалпы «Центерра» боюнча — 665-705 миң унцияга чейин көбөйттү. Андан тышкары, өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолору (унциясына USD) чегин Кумтөрдө — 700-750 долларга чейин, а Маунт Миллиган үчүн — до 825-875 долларга чейин (салыктарга чейин) дагы төмөндөттүк, ал жалпысынан компания боюнча 782-829 долларды түзөт», -деди Скотт Перри.

 

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18