14:06, 14 ноября 2018, 24.kg

Балдардын катышуусунда жол кырсыктары кайсы кесилиш жолдо көп катталары айтылды

Бишкекте балдардын катышуусундагы жол кырсыктары 5 кесилиш жолдо көп катталат. Бул тууралуу брифингде «Жол коопсуздугу» долбоорунун директору Чынара Касмамбетова айтып чыкты.

Анын билдирүүсүндө, кооптуу жерлер мектеп жана балдар мекемелеринин аймагында жайгашкан.

Бишкекте балдардын катышуусундагы жол кырсыктарынын басымдуу бөлүгү Рыскулов менен Жаш Гвардия Бульварынын кесилишинде болот. Ал жакта жол чийиндери көрүнбөй калган. Ошондой эле жөө адамдар өтүүчү өткөл жок.

Мындан тышкары Чыгыш-5 кичи районундагы Мамбетов, Москва жана Бейшеналиева, Ахунбаев жана Малдыбаев, Ахунбаев жана Шота Руставели көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыктары көп катталат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18