12:30, 14 ноября 2018, 24.kg

Өмүрбек Илимбеков: Тайвандагы дүйнөлүк ишканаларда иштеп тажрыйба топтойм

Өмүрбек Илимбеков студенттик күндөрүн Тайванда өткөрүүдө. Учурда жогорку окуу жайда менеджменттик кесиптин ээси болуу үчүн магистратурада окуп жатат. Билим алуу менен гана чектелбестен көпчүлүк жаштардай эле окуу менен бирге ишти дагы алып кетүүдө. Каарманыбыз 24.kg агенттигине чет жердеги жашоосунан тарта меймандос жана уялчаак тайвандыктар тууралуу маек куруп берди. 

Photo 94220

— Тайванга келгениңизге канча жыл болуп калды?

— Мында келгениме бир жылдан ашык убакыт болду, азыркы учурда магистрдык ишимди жазуудамын. Бул жакта Parttimejob деген түшүнүк бар, көпчүлүк студенттер бош убактыларында ар түрдүү жумуштарда иштешет. Эгер жогорку окуу жайларда студент болсоң, жумасына 20 саат иштөөгө уруксат берилген. Өзүбүздүн окуу жайда студенттерди иш менен камсыздоо бөлүгү бар, ошол жактан бош убактыбызга карата ылайыктуу иш менен камсыздашат.

-Максатыңыз билим алуубу же туризмби?

-Чыныдыгында чет өлкөдө билим алуу менин бала кездеги кыялым десем болот. Башында жалпы жаштар сыяктуу Европа же Амерканы көздөп жүрчүмүн. Чет өлкөдө магистратура тууралуу изилдеп жүрүп, көңүлүм Тайванга түштү. Мында бала кезден берки кыялымды ишке ашыруу үчүн келдим. Четке келгенден кийин башка мүмкүнчүлүктөр дагы ачылат экен, жаңы маданият, мурда кийин каршылашпаган жаңы дүйнө, ар тараптан келген достор, саякат. Тайванда окуу жана жашоо- мен үчүн жаңы чакырык. 

Photo 94221

-Канча тил билесиз ?

-Кыргыз тилин кошкондо төрт тилде эркин сүйлөйм. Ошондой эле азыркы учурда кытай тилин өздөштүрүүдөмүн. Жергиликтүү студенттер көп тил билгендигим үчүн таң калып, ал тургай менден кыргыз, орус, түрк тилдерин үйрөт деп суранышат. Тайвандыктар кытай тилинде сүйлөшөт (тайвань диалекттинде). Бул жакта иштөө үчүн кытай тилин үйрөнүү керек.

-Тайванда кыргыздар көппү?

-Алгач келген учурда саналуу гана кыргыздар бар болчу, ашып кетсе 5 кыргыз. Азыркы учурда жыйырмадан ашык кыргызстандык бар, көпчүлүгү студенттер. Баарын жакындан тааныбасам да сыртынан таанып, саламдашып турабыз. Диний майрамдарда чогулуп калабыз. Кыргыздар ар түрдүү шаарда жашагандыктан, кээде гана жолугууга мүмкүнчүлүк болот. Андайда өзүбүздүн улуттук тамактардан жасап чер жазып сүйлөшөбүз. 

Photo 94219

-Аралдын климатына тез эле көнүп кеттиңизби?

-Тамак-аш жагынан кандай өзгөчөлүктөрүн байкадыңыз?

-Тайвандыктар аябай меймандос калк келет, чет элдиктерге өтө жакшы мамиле кылышат. Дагы бир сапаты уялчаак. Тайванда биз үчүн негизги көйгөй тамак аш жагы, себеби көпчүлүк тамактарында чочконун эти колдонулат. Ошондуктан сырттан тамактанууда өтө кылдат болуу зарыл. Жалпы калктын арасында мусулмандар аз болгондуктан, адал ресторандар саналуу. Тайвандыктар үйлөрүндө дээрлик тамак жасашпайт, сырттан тамактануу маданияты өнүккөндүктөн ар бир кадам сайын тамактануучу жайларды кезиктирүүгө болот.

-Канаттуулардын буту деп калдыңыз, өзүңүз жеп көрдүңүзбү?

-Ооз тийдим, бирок жакпаган соң жеген жокмун.

-Чет жерден келген студенттер үчүн кандай жеңилдиктер каралган?

-Бизде окуу бекер, университетке эч кандай акча төлөбөйбүз. Бирок семестрдик баалоодо белгилүү бир балдан төмөн түшүрбөө зарыл, эгерде төмөн болуп калса, контракт төлөп калуу коркунучу бар. Университет жатакана менен камсыздайт, андагы шарты эң жакшы. Стипендия албайм, кошумча иштегендиктен өзүмдү өзүм камсыз кылам. Мында бир айга негизинен 200 −250 доллар чыгымдайм. 

Photo 94218

-Ал жакта окуп кийин иштеп калган кыргызстандыктар бар бекен?

— Ооба, мен тааныган 2 байке Тайванда жогорку окуу жайын бүтүрүп, учурда иштеп жатышат. Мен дагы алдыда окуумду аяктаган соң бул жактагы ишканаларда бир канча жыл өзүмдү сынап көрөм. Тайвань — «Азиянын арстандары» деп аталган мамлекеттердин бири жана мында дүйнөлүк брендге айланган ишканалары бар. Чоң компаниялар ар дайым чет тилдерди билген кадрларды издеп турушат.  

Photo 94222

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18