08:38, 14 ноября 2018, 24.kg

Короодо мышыкты атып өлтүргөн адам аныкталды

Короодо мышыкты атып өлтүргөн адам аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБсы маалымдайт.
Мышыкты ырайымсыз менен өлтүргөн Жалал-Абад шаарынын Миң-Өрүк көчөсүнүн тургуну 1983-жылы туулган Ильяз Кубатбеков милиция бөлүмүндө түшүндүрмө берди.
«Ал 1 ай мурда, 5-октябрь күнү саат 12-00 чамасында, үйүнүн алдындагы короосунда, өзүнүн 1 жылдык мышыгын мойнуна тросстон жасалган сыйыртмак салып байлап алып, жаныбарларга өзгөчө ырайымсыздык мамиле жасап, тир мылтыгы менен эки жолу атып өлтүргөндүгүн мойнуна алды», — дейт милиция.

Photo 94152

Бул окуя «Жаныбарларга ырайымсыз мамиле жасоо» фактысы менен катталып, тергөө иштери жүргүзүлө баштады.
Эскерте кетсек, Ильяз Кубатбеков короодогу мышыгын атып өлтүргөнүн өзү видеого тарткан. Анын видеосу интернетке таркап кеткен.
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18