16:43, 13 ноября 2018, 24.kg

Кино анонс. Ырыс Жоомартованын «Капканы» жана «Томпошка Тонясы»

«Капкан»

Комедия жаатындагы тасмалары менен белгилүү болгон Ырыс Жоомартова бул жолу өспүрүмдөрдүн эң башкы көйгөйү жана азгырыгына топтолгон. «Капкан» — жаш бөбөктөрдөн тарта улууларга чейин өзүнүн торуна курчаган компьютердик оюндар, интернет жана смартфондордун азабы жана үй-бүлөлүк ынтымакка тийгизген таасири тууралуу тасма.

Photo 94102

«С любовью в Америку»

Голливуд актеру Марк Дакаскастын катышуусунда тартылган тасма кыргыз-казак чыгармачылык тобунун эмгеги болуп саналат. Мында сүйүү күчүү менен бирге жакшы жашоо издеп АКШга жол тарткан мигранттын жолу сүрөттөлөт. Америкада жашаган сүйгөн кызына жетүү үчүн жигит Мексиканын чөлү аркылуу жөө өтүү аракетин көрөт.
Photo 94099

«Томпошка Тоня»
Учур кыргыз комедиясынын мыкты чеберлери Сакиш менен Бопуш баштаган тасмада башкы ролду ырчы Сайкал Садыбакасова жаратты.
«Биринчи жолу өзүмдүн салмагымдан тартынбай киного тартылдым», — дейт Сайкал Садыбакасова.
Андан тышкары, эпатаждуу Чыпалак дагы катышкан.
Photo 94098

Кинодо Сары-Челектин жанындагы бир айылда адашып кеткен чет элдик жарандын окуясы сүрөттөлөт. Айыл турмушу менен бирге турист жергиликтүү кызды да жактырып калат.
 
«Такебай»
«Байлык колдун кири» демекчи адам бар акчасынан кол жууп кое алат. Акча түбөлүктүү эмес. Тасмада режиссер каармандарынын жашоосун өзгөртүп, көнгөн чөйрөдөн чыгарып, сынга алат. Бай ишкер кайрадан акча таап бутка турушу керек. Ал эми кедей байлыгына, коомдогу ордуна төп келгендей жүрүм-турумга үйрөнүүгө аргасыз.
Photo 94103

Тасмага мыкты актерлук курам топтолгон. 15-ноябрдан тарта кинотеатрларда көрсөтүлөт.
 
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18