16:40, 13 ноября 2018, 24.kg

Саламаттык сактоо министрлигинин имаратынын алдында дарыгерлер митингге чыгышты

Бишкекте Саламаттык сактоо министрлигинин имаратынын алдында дарыгерлер митингге чыгышты. Алар үй-бүлөлүк медицина борборунун оптимизацияланышына каршы чыгышууда.

Дарыгерлер терапевт, педиатр, гинекологдорду үй-бүлөлүк дарыгерликке кайра окутууга нааразы.

«Эртең менен бейтаптарды кабыл алам, андан кийин квалификациямды жогорулатыш үчүн институтка окууга барышым керек. Ал жакта күн сайын 3 сааттык сабак өтүлөт. 8 ай ичинде бизди үй-бүлөлүк дарыгер кылабыз дешет, бирок бул мүмкүн эмес», -дейт № 2 ҮМБнын гинекологу Айсалкын Жунушалиева.

Ал жеке борборго кетүүгө мажбур экенин айтат. «Мен балдарды же улгайган кишилерди кабыл алуудан корком. Балким мен туура эмес аныктама коюп коем, бул кыска мөөнөттө адистикке ээ болуу мүмкүн эмес. Сиздер дагы гинекологго балдарыңыздарды алып келбейсиздер», -деди ал.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18