16:22, 13 ноября 2018, 24.kg

Кыргыз мамлекеттик циркинде балдар үчүн курстар жабылып, ордуна кафе ачылган

Кыргыз мамлекеттик циркинде балдар үчүн курстар жабылып, анын ордуна кафе ачылган. Бул тууралуу экономика жана фискалдык саясат боюнча комитеттин отурумунда депутат Эльвира Сурабалдиева билдирди.

Айтымында, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынын ата-энелери ага расмий кат менен кайрылышкан. Алар цирктин алдында цирк искусствосу боюнча курс ачылганын, бирок көп өтпөй ал жабылып ордуна кафе ачылганын айтышкан.

«Мен Башкы прокуратурага кайрылам. Бул эмне дегендик? Биз балдарды окутабызбы же кафе, ресторан, түнкү клуб ачабызбы? Абийир деген нерсе барбы?», -деп нааразы болду депутат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18