13:42, 13 ноября 2018, 24.kg

Декларация текшерилүүдө. Мүлкүн жашырган соттор жоопко тартылат

Башкы прокуратура бирдиктүү салык декларациясында мүлккүн көрсөтпөй жашырып койгон сотторду административдик жоопко тартуу сунушун Соттор кеңешине жолдоду. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Көзөмөл органдын маалыматына караганда, Салык кызматынан келген материалдарды карап чыккандан кийин соттордун мүлкүн жашыргандыгы ачыкталды.

Соттор кеңешинин алдындагы тартип комиссиясына аталган сотторду жоопкерчиликке тартуу жана ыйгарым укуктары аяктаган сотторду дагы административдик жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү маселесин карап чыгышы керек.

Буга чейин бийлик аткаминерлердин декларациясын текшерүү —коррупцияга каршы күрөштүн милдеттүү бир бөлүгү болорун билдирген.

Белгилей кетсек, Салык кызматы 2017-жылга карата мамлекеттик жана саясый кызматкерлердин декларациясын жарыялады.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18