17:55, 12 ноября 2018, 24.kg

14-ноябрга чейин туруксуз аба-ырайы күтүлөт

Кыргызстандын аймагында 14-ноябрга чейин туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Бул туурасында ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

12-13-ноябрь күндөрү Чүй, Талас, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында жаан-чачын катуу жаап, зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт.

13-14-ноябрь күндөрү абанын температурасы кескин төмөндөйт. Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.

Тоолуу райондордогу унаа жолдор тайгак, тоңголок болуп кар күрткүсү күтүлөт жана жаан жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп унаалардын кыймылдоосун кыйындатат. Электр зымдарына суу кар жабышып үзүлүү коркунучун алып келет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18