16:23, 12 ноября 2018, 24.kg

Жаш, келечеги кең кадрларды мамлекеттик кызматка тартуу практикасы улантылат

Жаш, келечеги кең кадрларды мамлекеттик кызматка тартуу практикасы улантылат. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарында республика жаштарынын конгрессинин ачылышында айтты.

Элзар Тилебалды уулу тартуулаган «Башкаруучулардын улуттук корпусу» долбоору менен таанышып чыгып, Президент мамлекет башкаруучулардын улуттук мектебин калыптандыруу максатын коюп жаткандыгын белгилеп, бир кезде «100 менеджер» кыймылы түзүлгөн Япониянын тажрыйбасын мисалга келтирди.

«Билимдүү, иштерман, жаңы көз караштардагы жаш адамдар бул өлкөнүн экономикасын көтөрүүдө өзгөчө роль ойногон. Улуттук кадрдык, менеджерлик корпуста жаштардын катары калың болушу керек», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Конкурска катышкан 715 адамдын ичинен 35 адам кадрлар резервине өттү.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18