16:03, 12 ноября 2018, 24.kg

«Балага сүйүнчүнү» тариздөө тездетилген режимде жүргүзүлөт

Өкмөт социалдык коргоо тутумун санариптештирүү үстүндө иш алып барат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кеңейтилген жыйынында айтты.

Анын билдиришинче, көп балалуу үй-бүлөлөргө, кары-картаңдарга, мүмкүнчүлүгү чектелген жактарга, өзгөчө мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга карата социалдык тейлөө тармагы кеңейтилет. Социалдык төлөмдөр механизмин оптималдаштыруу жана жарандардын айрым категорияларына даректүү көмөк көрсөтүүнү оптималдаштыруу боюнча иштер улантылат.

«Алсак, «балага сүйүнчү» жөлөк пулуна тийиштүү билдирсек, аны бирдиктүү терезе принциби боюнча тариздөө пландаштырылууда, мында мамкаттоо органдары тараптан калктан арыз алынып, баланын туулгандыгы туралуу күбөлүгү кошо жасалат, башкача айтканда, «балага сүйүнчүнү» тариздөө жана акча каражаттарын которуу тездетилген режимде жүргүзүлөт», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18