13:41, 12 ноября 2018, 24.kg

«Вега» компаниясы менен келишимге кол коюлду

Орусиялык «Вега» радиоуктуруу концерни" компаниясынын жетекчисинин орун басары Сергей Калмыков менен Маалымат технологиялары жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабын ишке ашыруу боюнча келишимге кол коюшту. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган комитеттин басма сөз катчысы Анара Мамытова билдирди.

Макулдашууларга ылайык, компания алгачкы программалык-жабдуу комплекстерин 90 календардык күндүн ичинде коюп бүтүшү керек.

Кийин сынакка катышкан дагы бир орусиялык «Маалымат тутумунун коопсуздугу» ишканасы ««Вега» концерни бир катар маалыматтарды жашырган» деп арыз жазган. Бул арызды Мамлекеттик сатып алуу департаментинин карамагында түзүлгөн комиссия карап, тендерде утуп алган орусиялык «Вега» компаниясы «талапка жооп бербейт» деген чечим чыгарган. Буга макул болбогон Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети сотко кайрылган.

1-ноябрда Бишкектин район аралык соту «Коопсуз шаар» долбоору боюнча көз каранды эмес комиссиянын чечимин жокко чыгарган. Бул аркылуу сот Орусиялык «Вега» концернин жеңүүчү деп эсептеген тендердик комиссиянын чечимин мыйзамдуу деп тапкан.



Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18