11:34, 12 ноября 2018, 24.kg

Азимжан Аскаров адилеттүүлүккө ишенбейт. Ал Жогорку сотко даттанбайт

Өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров адилеттүүлүккө ишенбейт жана Жогорку сотко даттануу менен кайрылбайт. Бул тууралуу анын жактоочусу Нурбек Токтакунов 24.kg агенттигине билдирди.

Айтымында, Азимжан Аскаров соттук процесстерди тыгыз байкап жатат. Бирок, Жогорку сотко кайрылбоо тууралуу чечимди ал экс-депутат Садыр Жапаровдун иши боюнча иликтөөлөрдөн кийин кабыл алды.

«Мурунку эл өкүлүн эч нерсе кылбаса деле соттошту. Ал тургай Ысык-Көл облусунун мурунку башчысы Эмилбек Каптагаев сотто аны эч ким барымтага алган эместигин айтканда дагы, сот бул билдирүүнү четке какты», -деди Нурбек Токтакунов.

Эске салсак, Азимжан Аскаров өмүр бою эркинен ажыратылган. Ага улуттар аралык ынтымакты бузду жана 2010-жылы түштүктө болгон окуяда милицияны өлтүрдү деген айып тагылган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18