09:03, 12 ноября 2018, 24.kg

Бычактан жаракат алган журналисттин окуясы боюнча кылмыш иши козголду

Жалал-Абад облусунда бычактан жаракат алган журналисттин окуясы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдан билдиришти.

Эске салсак, журналист Санрабия Сатыбалдиевага 9-ноябрда эртең менен үйүнөн чыгып баратканда белгисиз бирөө бычак сайган. Жабырлануучу ооруканага кайрылууга туура келген. Ал интернеттеги социалдык тармактардын биринде канал ачып, анда журналисттик ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 151-беренесинин (журналисттердин мыйзамдуу кесиптик ишине тоскоолдук кылуу) негизинде кылмыш иши козголду.


Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18