Нурсултан Назарбаевди Казанга майыптар арабасы менен келүүгө чакырышты
«Тоскоолдуксуз шаар» тобунун Казан шаары боюнча координаторлору Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге ачык кайрылуу жасашты. Бул тууралуу «Idel.Реалии» сайты жазды.
«Тоскоолдуксуз шаардын» координаторлорунун кайрылуусу Назарбаев көчөсүндө казак тараптын белеги катары «Казакстан жана Татарстан элдеринин ынтымагынын символу» болгон «Тайказан» аттуу скульптуралык композиция пайда болгондон көп өтпөй жарыяланды.
Кайрылууда жазылгандай, метродон чыккан майып адам «Тайказанга» чейин кеминде бир чакырым жол жүрүшү керектигин билдиришти. Анткени жакын жайгашкан жер алдынан өтүүчү жолдогу лифттер иштебейт жана андагы пандустар өтө тик болуп, майыптар араба ы менен өз алдынча чыгууга мүмкүн эмес.
«Тилекке каршы, иштебеген лифттерге байланышкан абалды өзгөртүүнүн башка жолун көрө албай турабыз: шаардыктардын пикири бийлик үчүн маанилүү эмес», — деп жазышты алар.
Шаар тургундарынын каршылыгына карабастан, 2015-жылга чейин Эсперанто деп аталып келген көчөгө Нурсултан Назарбаевдин ысымы берилген. Анда Татарстан президенти Рустам Минниханов бул чечимди президент Назарбаевге «белек» деп атаган.