08:43, 12 ноября 2018, 24.kg

Кыргыз-тажик чек арасында кыраакылыкты күчөтүү талабы коюлду

Тажистандагы соңку окуяларга байланыштуу кыргыз-тажик чек ара өткөрмө бекеттеринде жана чек арада турган түзүмдөрдүн кыраакылыгын күчөтүү талабы коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын расмий өкүлү Гүлмира Бөрүбаева «Азаттык» радиосуна билдирди.

Анын айтымында, чек арада абал туруктуу жана кайтаруу күчөтүлгөн жок.

«Биз азыр бул багытта мамлекеттик чек араны кайтарууну күчөткөн жокпуз. Болгону чек ара өткөрмө бекеттеринде жана чек арада турган түзүмдөрдүн кыраакылыгын күчөттүк. Бизде кыргыз-тажик чек арасында ар кандай өзгөрүүлөргө каршы турчу күчтөр жана каражаттар жетиштүү», -деди ал.

Тажик өкмөтүнө жакын булактар менен коопсуздук өкүлдөрүнүн «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун тажик кызматына айткандарына караганда, Хожент шаарынын түрмөсүндөгү тополоң «Ислам мамлекети» тобунун диний экстремизм жана терроризм үчүн соттолгон тарапкерлери тарабынан уюштурулган. Тополоң учурунда кеминде 24 адам, анын ичинде түрмөнүн эки сакчысы мерт болгон.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18