17:03, 05 ноября 2018, 24.kg

Өзбекстанда мыйзамсыз аборт үчүн пара алып жаткан акушер кармалды

Ташкент облусунда мыйзамсыз аборт жасагандыгы үчүн пара алып жаткан акушер кармалды. Бул тууралуу Өзбекстан Башкы прокуратурасы билдирди.

«Ыкчам иш-аракеттердин жүрүшүндө Зангиата районундагы оорукананын гинекология бөлүмүнүн акушери 1 миллион 400 миң сум (170 долларга жакын) өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. Ал акчаны 4 айлык боюнда бар жаранга аборт жасагандыгы үчүн сураган», — деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.

Бул факты боюнча акушерге карата кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18