11:49, 05 ноября 2018, 24.kg

Кышында мектеп окуучуларынын жол коопсуздугун камсыздоо чаралары күчөтүлөт

Кыш мезгилинде мектеп окуучуларынын жол коопсуздугун камсыздоо чаралары күчөтүлөт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова авто унаа жолдоруна жакын жайгашкан мектептерде окуучулардын жол коопсуздугун алдын алуу жана камсыз кылууга арналган кеңешмеде билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө Ички иштер министрлигинин кызматкерлери мектепке жакын аймактагы кооптуу участкаларда жана жол кесилиштеринде белгиленген график менен нөөмөттө турушат. Ошондой эле балдардын жол коопсуздугун сактоо жана коргоо ишине студенттерден турган ыктыярчылар жардамга тартылууда.

Мындай иш аракеттердин натыйжасында акыркы тогуз айда жаш балдардын жана мектеп окуучуларынын катышуусундагы жол кырсыктары азайган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18