09:52, 05 ноября 2018, 24.kg

Аскарбек Шадиев Кыргызстандан кантип кеткенин жана эмнеге жашынып жүргөнүн айтты

Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Аскарбек Шадиев мандатынан ажырашы боюнча маалыматка билдирүү жасады.

Анын айтымында, ал фракциядан чыгуу жана мандатын тапшыруу боюнча эч кандай арыз жазып кайрылган эмес.

«Менин фракциялаштарымдын мындай билдирүүлөрү мени таң калтырат. Аларды жасалма кагаз менен алдашты. Партияны чогуу түптөгөн фракциялаштарымдын менин атымдан арыз даярданышынан шектенем. Бул Бишкектеги бирөөнүн атайын жасаган иши», — дейт Аскарбек Шадиев.

«Мен мыйзамдуу түрдө чыгып кеттим. Күн сайын жүздөгөн мекендештерибиз ID-карта менен эле Тажикстанга өтүшөт. А кылмыш, чек араны мыйзамсыз өтүү айыбы менен бир гана мага козголуп жатат», — дейт Аскарбек Шадиев.

Мурдакы депутаттын билдирүүсүндө, Башкы прокуратура анын мүлкү боюнча туура эмес маалымат берүүдө. Аскарбек Шадиев ага козголгон саясый буйрутма экендигин жана аны камоо максатын гана көздөгөнүн, сот бийлигинин калыс чечим кабыл аларына ишене албастыгын айтат.

«Акыйкаттык жеңип, бир күн эл көзүнө чындыкты далилдей аларыма ишенем», — дейт ал.

Белгилей кетсек, Аскарбек Шадиевге ЖКнын эл аралык комитетин жетектөө учурунда Чыңгыз Айтматовдун 90-жылдыгын белгилөө үчүн бюджеттен бөлүнгөн 30 миң доллар акчаны кымырып алган айыбы менен иш козголгон. Бул боюнча Жогорку Кеңештин комитетинин башчысы Арсен Закиров кармалган. Аскарбек Шадиев Баткен аркылуу чек араны кесип өтүп, Москва-Нью-Йорк каттамы менен учуп кеткени маалымдалган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18