14:30, 01 ноября 2018, 24.kg

Азамат Асымов: 1 милиция тартип бузуп койсо, коомчулук ошону тынбай жамандашат

1-ноябрь- кыргыз милициясынын күнү. Жыл сайын бул датанын урматына өлкөнүн баардык аймактарында майрамдык иш-чаралар уюштурулуп, анда кызмат учурунда артыкчылык көрсөткөндөр сыйланышат.

Милициянын полковниги Азамат Асымов пенсияга чыкканына 3 жылдын жүзү болду. 23 жыл бою ыкчам кызматтарда эмгек өтөп, милициянын отличниги наамын алган. Учурда бир уул, бир кыздын атасы. Каарманыбыз 24.kg агенттигине коомдун күзгүсү болгон тартип сакчыларынын иши тууралуу маек куруп берди. 

Photo 93330

-Кесиптик майрамыңыз кут болсун! Бул кесипти кантип аркалап калдыңыз?

-Милиция кызматкери болом деген ой чынында жок эле, үй-бүлөөбүздө деле бул тармакта иштегендер жок. Бирок буйрук экен, 1994-жылы мектепти аяктаганда өзүм каалаган окуу жайга тапшырып, өтпөй калдым. СССР тараган кез, кыйын күндөр болчу. Ошентип кайра айылга кайтууга туура келген. Кийинки жылы милициянын жогорку мектебине тапшырып өтүп кеттим. Эргеш Алиев атындагы ИИМдин Академиясын 2000-жылы аяктадым.

Окууну бүткөндө Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын карамагына жөнөтүштү. Алгачкы эмгек жолумду Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмчөсүндө ыкчам кызматкер болуп иштөөдөн баштагам.

Алгачкы жолу милициянын формасын кийгениңизде кандай сезимдер болду эле?

-Албетте, мурун кийип көрбөгөндөн кийин башкача сезимдер болот. Мен иштеген бөлүмчөдөгү кызматкерлердин баары менден улуу эле, көп тажрыйбаларды ошолордон алдым.

Photo 93329

Жумуш үчүн жеке мен эле эмес, баардык тартип сакчылары курмандыкка барат, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо үчүн майрамдарда күчөтүлгөн тартипте иштейт. Эс алуу күндөрүбүз аз, тууган-туушкан, үй-бүлөө, карым-катнаш маселелери экинчи планга калат. Жумушка уйкусурап барган, ал тургай уйку келгенинен үйгө баргандан эригип, иш бөлмөдө столдун үстүнө уктаган күндөр болгон.

Photo 93328

-Милиция коомдун күзгүсү дешет, тартип сакчыларынын азыркы коомдогу орду кандай, сиздин пикириңиз?

Кылдат текшерүү жүргүзүп анан чечим чыгарыш керек. Иштен алынган кызматкерлердин андан кийинки моралдык, психологиялык абалы, үй —бүлөөсү, туугандары жан башка факторлорду эске алуу зарыл.

Негизинен милиция кандай оор кырдаал болбосун эч качан өзүнүн кызыкчылыгын, мамлекеттин кызыкчылыгынан өйдө койгон эмес деп ойлойм. Милиция элди кордойт деген туура эмес, айлык маяналары аз экендигине карабай, күнү-түнү эл үчүн эле иштеп жүрүшөт. Ар бир тармакта кемчиликтер болбой койбойт, аны моюнга алыш керек. Кээ бир терс көрүнүштөргө жол берген кызматкерлер бар. Бирок, өлкөдөгү 17 миңден ашык тартип сакчысы бар, алардын баары бирдей деп айтыш мүмкүн эмес.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18