09:30, 05 ноября 2018, 24.kg

Кыргызстан боюнча 15 миң 823 жол эрежелерин бузуу фактысы катталды

Акыркы 10 күн аралыгында мас абалында унаа башкарып жүргөн 202 айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ар кандай эрежелерди бузган 869 айдоочунун унаасы айып төлөөчү жайга киргизилди.

Тартип сакчылары тарабынан жүргүзүлгөн рейд учурунда Кыргызстан боюнча 15 миң 823 жол эрежелерин бузуу фактысы катталган. Билдирүүгө ылайык, 1 миң 961 айдоочу катуу ылдамдык менен жүргөн, 41 айдоочу унаасынын айнектерин караңгылатып алып айдаган. Коопсуздук курун тагынбаганы үчүн 3 миң 932 айдоочу, жол эрежелерин сактабагандыгы үчүн 2 миң 410 айдоочу жоопко тартылган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18