13:00, 04 ноября 2018, 24.kg

Жапониялык Наоки Нихей: Этникалык кыргыздар жапондорго окшош

Жапониялык Наоки Нихей 15 жыл бою Токиодогу Эл аралык байланыш Жапон агенттигинде, кийин Ташкенттеги филиалында иштеген. Өзбекстандан АКШга ПРООНдук штаб-квартирасында иштөө үчүн кеткен.

Кийин 2017-жылдын январында Бишкекке келди. Ташкентте иштеп кеткенден кийин ал Борбор Азияга кызыгуусу артып, аймакка кайра келүүнү чечкен болчу. Кокустан эле Бишкектеги БУУнун кеңсесине кызматкер талап кылынып, ал бул кызматка илинип калган. 

Photo 93176

Наоки Нихей 24.kg агенттигине Бишкек биринчи келген күндөн тарта кандай өзгөргөнүн айтып берди.

-Сизди Кыргызстанда эмнелер таң калтырды?

-Кыргызстанга көчүп келээрден мурда Бишкекте бир канча жолу болгонмун. Алгачкы жолу Ташкенттен 2010-жылы келгем. Андан бери шаар аябай өзгөрүүгө дуушар болду. Көп дүкөндөр, турак-жайлар салынды. Менин көптөгөн кыргыз досторум бар, алар Жапонияда жашап, окуп, жапон тилинде эркин сүйлөшөт.

Photo 93177

— Бишкек менен сиздин туулуп өскөн шаарыңызда окшоштуктар бар бекен?

— Сибата- Жапониядагы 100 миң кишиси бар чакан шаар. Айыл чарбага негизделген талаалар, тоолор бар. Бишкекте жакын жайгашкан тоолор үйүмдү эстетет.

— Кыргызстанда сизге эмнелер жетишпейт?

— Мен Жапонияны анча деле сагынбайм. Борбор Азияда Ташкентте жашап келгенимди кошкондо 5 жылдан бери турам. Бишкекте убакытты өткөрө турган жайлар көп, четинен тандап алам. Бул жакта жапон ашканаларына да барып турам.

Photo 93178

— Жергиликтүү тамак-аш жактыбы?

— Мага лагман жакты. Ал жапондордун тамагына окшошуп кетет. Шишкебек дагы мен сүйүп жей турган тамактардан. Ал эми козу гриллди сүрөтүн гана көргөнүм болбосо, жеп көргөн эмесмин.

— Бишкекте кайсы жайларда эс алганды жактырасыз?

— Мен «Спартак» стадионунда футбол көргөндү жактырам. Ал жакта жапониялык машыктыруучу менен бирге чуркаган учурлар болот.

-Сизге жакпаган көрүнүштөр болдубу?

— Мен четте жүргөндө капаланбаганга аракеттенем.

Photo 93179

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18