13:34, 02 ноября 2018, 24.kg

Алматыда мурдагы депутат Дамирбек Асылбек уулунун соту уланат

2-ноябрда Казакстанда Жогорку Кеңештин «Кыргызстан» фракциясынын мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулунун соту уланат. «Эл аралык аткезчи топтун мүчөсү болгон» деген шек менен Казакстанда кармалган Дамирбек Асылбек уулу жана аны менен кошо айыпталган жети казакстандык, эки кыргызстандык жарандын ишин Алматы район аралык соту карап жатат.  Жараян быйыл 19-октябрда башталды.

Мурдагы депутат сотто кыргыз жараны экенин билдирип, Кыргызстанда соттоону суранганы айтылууда.

Буга чейин «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Нурбек Алимбеков сотко атайын өкүл бара турганын «Азаттыкка» билдирген.

Быйыл февралда Казакстанда аткезчиликке шектүү катары кармалган 29 кишинин арасында Кыргызстандын үч жараны, Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу да бар экени белгилүү болгон.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги кийинчерээк Дамирбек Асылбек уулу казак жараны экенин маалымдаган. Депутаттын атасы уулу Кыргызстандын жараны болгонун, Каракол шаарында туулуп-өскөнүн айтып чыккан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18