12:29, 02 ноября 2018, 24.kg

Казакстанда Маданият министрлигинин эки аткаминери пара алган деп шектелүүдө

Казакстандын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы ыктымал жемкорлук иши боюнча өлкөнүн Маданият жана спорт министрлигинин жоопту катчысы менен административдик департаментинин директоруна карата сотко чейинки тергөө иштерин баштады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Жанна Бастарова билдирди.

«Алар мамлекеттик сатып алуулар боюнча келишим түзүү үчүн жалданма компаниялардын биринин жетекчисинен пара алган деп шектелүүдө», — деди басма сөз катчы.

Апта башында жергиликтүү маалымат агенттиктер сот бөгөт чарасы катары министрликтин жоопту катчысы Куатжан Уалиевди күрөө менен бошотконун, ал эми административдик департаменттин директору Еренай Даржибаев үй камагына чыгарылганын жазышкан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18