10:43, 02 ноября 2018, 24.kg

Орусияда велосипед уурдаган кыргызстандык соттолду

Орусиянын Оренбург борбордук райондук соту кыргызстандык жаранга карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу Орусиялык ЖМК жазып чыкты.
 
Маалыматка караганда, ушул жылдын июлунда мас жаран 12 миң рублдик велосипедди уурдап кеткен. Ал буга чейин дагы ушундай эле кылмыш жасап, соттолгондугу аныкталды. Соттолуучу күнөөнү мойнуна алды.
 

Жабырлануучу келтирилген чыгым ага абдан маанилүү экенин билдирген. Сот кыргызстандыкты күнөөлүү деп таап, 8 айга түзөтүү мекемесинде күчөтүлгөн режимде жаза өтөсүн деген чечим чыгарды. 

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18