08:39, 02 ноября 2018, 24.kg

Өзбекстанда жашоочулар үчүн «аллергиялык паспорттор» ачылат

Өзбекстандын Инновациялык өнүгүү министрлигинин алдында Эл аралык молекулярдык аллергология борбору ачылды. Бул тууралуу өлкөнүн министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, борбор «аллергиялык паспортторду» түзүү жана аларды жайылтуу менен алектенет. Мындай паспортторго ар бир жарандын оорулары жана аллергендери тууралуу маалыматтар жазылат.

Мындан тышкары борбор диагноз коюу, аллергиялык ооруларды биологиялык микрочиптердин жардамы менен дарылоо, өсүмдүктөрдүн чаңдашуусуна мониторинг жүргүү менен алектенип, өлкө жашоочуларына аллергиялык өсүмдүктөрдүн гүлдөө мезгили тууралуу маалыматтарды берип турат.

Ошондой эле борбор анафилактикалык реакциялардын өнүгүү тобокелдигинин бар-жоктугу боюнча азыктарды маркировкалоонун дүйнөлүк стандарттарын киргизүү менен алектенет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18