15:40, 01 ноября 2018, 24.kg

Кыргыз Улуттук университетинде жылуулук жок

Кыргыз Улуттук университетинде жылуулук жок. Студенттер калың кийимдери менен сабак окуп жатышат. Бул тууралуу социалдык түйүнгө Элнура Алканова жазып чыкты.

«Сыртта кар жаап жатат, ал эми КУУнун башкы корпусунда студенттер курткачан отурушат. Батареялар муздак, жылуулук азыркыга чейин бериле элек. Мен 50 студент менен жолугушууга келгем, бөлмөлөрдүн сууктугуна байланыштуу 30 гана студент келди. Алар контракт боюнча 27 миң сомдон төлөшөт, бирок нормалдуу шарттарга ээ боло алышпайт», -деп жазган ал.

«Бишкекжылуулуктүйүнү» 24.kg агенттигине билдиришкендей, КУУнун карызы бар, бирок университетке жылуулук берүүнү чектешкен эмес. ЖОЖдун техникалык кызматкерлери жылуулукту 1-ноябрдан тарта беребиз деп чечим кабыл алышкан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18