Улуттук банктын төрагасына кечирилген миллиондор текшерилет
Башкы прокуратура Улуттук банктын төрагасына берилген турак жай ссудасы эсептен кандай негизде чыгарылганын текшерип чыгышы керек. Бүгүн, 1-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында ушундай талап коюлду.
«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Гүлшат Асылбаева Улуттук банк өз кызматкерлерине турак жай ссудасын берүүгө акылуу экенин, бирок аны эсептен чыгарып салууга акысы жоктугун айтты.
«Башкы прокуратура мен айткан фактыны текшерип чыксын. Эсеп палатасынын менин суроомо берген «мыйзам бузуу жок» деген жообунун мыйзамдуулугу да текшерилсин. Мыйзамсыз кечирилген акчаны кайра мамлекетке кайтарып алуу боюнча чара көрүлсүн», — деди депутат Гүлшат Асылбаева.
Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловго жумушунан берилген 6 миллион сомдук турак жай ссудасы эсептен чыгарылганын депутат 31-октябрда айтып чыккан.
Мекеме бул чечим мыйзамдуу экенин айтууда.